Жалпы билим берүү уюмдарында 1-11-класстардын окуучуларынын формасы классикалык стилде болушу шарт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Тузум өкмөттүн 2015-жылдын 12-августунда бекитилген токтомуна таянган. Ага ылайык, эркек балдар классикалык стилде тигилген көйнөк, жилет, шым жана пиджак киет. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден болушу керек. "Кыздар болсо классикалык стилде тигилген блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак киет. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстө болушу шарт. Аз камсыз болгон ата-энелер балдарын "үстү ак, асты кара" форма менен камсыздаса болот", — деп жазылат маалыматта. Министрлик жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийим, бут кийим, жынсы, пляжга, үйгө кийген кийимдерди кийүүгө уруксат берилбей турганын эскертти.
Кыргызстандык спортчулар Германияда өткөн эл аралык турнирде спорттук бал бийи боюнча алтын медаль утуп алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук бий федерациясы маалымдады. Турнир Штутгарт шаарында 13-15-август күндөрү болгон. Ага Кыргызстан, Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Болгария, баш-аягы 30дан ашык өлкөнүн бийчи-спортчулары катышкан. Бул мелдеште кыргызстандык Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова экөө жуп болуп бийлеп, спорттук бал бийи боюнча 138 түгөйдүн ичинен биринчи орунга чыгышкан. Ошондой эле маалыматта Кыргызстандын Спорттук бий федерациясы аталган жарышка катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирирери кошумчаланган.
24-августта, Россия киносунун күнүнүн урматына 9- "Кино түнү" акциясы өтөт. Бул тууралуу Россиянын Маданият министрлиги маалымдады. Акциянын алкагында аталган өлкөдөгү жана чет мамлекеттердеги жалпы 5000 аянтчада кинотасмаларды көрсөтүү пландалган. Фильмдер Россиянын Кытай, Кыргызстан, Индия, Бразилия, Эфиопия, Египет, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Армения, Молдова жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде, маданий борборлорунда жана башка жайларда тартууланат. Жыл сайын "Кино түнү" акциясы үчүн Россия кинематографиясындагы мыкты делген үч фильм тандалып алынат.
Президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан чыккан талапкер Камала Харрис жеңишке жете турган болсо америкалыктар жапырт ачкачылыкка тушугат. Мындай божомолду ишкер Илон Маск айтканын РИА Новости жазды. Ал өзүнүн Х тармагындагы баракчасынан Харристин азык-түлүк баасын чектөө боюнча программасын кенен түшүндүрүп берген финансылык эксперттин билдирүүсү менен бөлүшкөн. Автордун айтымында, окуянын мындай нугу АКШнын мамлекет катары жашоосун токтотуп, америка элин массалык ачкачылыкка тушуктурат, буга өлкөнүн азык-түлүк индустриясы өзүн-өзү актабагандыктан кыйроого учурашы себеп болот. "Таасын чыгарылган бүтүм", — деп жазгане Маск. Жума күнү Харрис экономикалык программасын жарыялап, эгер шайлоодо жеңишке жетип кала турган болсо АКШнын "тарыхында биринчи жолу" азык-түлүк баасын көтөрүүгө федералдык тыюу салынарын билдирген.