Радио

Өлкөдө тамчылатып сугарууга керектүү тетиктерди даярдаган завод курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин суу жана жер ресурстары бөлүмүнүн башчысы Канатбек Туратбек уулу тамчылатып суугарууга өтүү мезгилдин талабы экенин айтты.
Sputnik
Өлкөдө бардык жерлерди тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Канатбек Туратбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жылдан жылга суу азайып, ал эми элдин саны өсүп жатат.

"Ирригация тармагы боюнча негизги төрт багыт тандап алынган. Сууну сарамжалдуу колдонуу үчүн тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмаларын киргизүү аракетинде министрлик программаларды даярдап жатат. Учурда Кыргызстанда бардык жерлерди тамчылатып, жамгырлатып сугарууга өткөрүү пландалууда. Бул азыр замандын талабы. Жылдан жылга суу азайып, элдин саны өсүп жатат, техникалык культуралар болуп жатат, ага дагы көп суу керек экен. Жакында эле түркиялык компания менен жолугушуу өтүп, министр кол койду. Анда тамчылатып сугарууга керек болгон бардык тетиктерди даярдаган заводду Кыргызстанга салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Азыр жерин аныктап, завод салуу үчүн тийиштүү иштер жүрүп жатат", — деди Туратбек уулу.

Ошондой эле ал ирригация тармагында колдонула турган башка дагы тетиктерди даярдаган ишканаларды ачуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.