Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лукашенко: сүйлөшүүгө макул болбосо Украина биротоло жок болот

Москва диалогго даяр экенин бир нече жолу билдирген, бирок Киев буга мыйзам чегинде тыюу салган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Эгер Киев менен Москва сүйлөшүүгө баруудан баш тартса Украинанын биротоло жок болушу менен аяктай турган эскалация жаралат. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко "Россия-1" телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Сүйлөшүүгө келиш керек, көйгөйдү талкуулоо зарыл. Бирок Курскинин алдындагыдай кырдаал жаралса абал курчуп, натыйжада Украина жок болот", — деди Лукашенко.

Анын айтымында, мунун "украиналыктарга да, беларустарга да, россиялыктарга да кереги жок".
"Сүйлөшүүлөр Стамбулда токтогон жеринен жанданышы керек", — деди президент.
Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген, бирок Киев буга мыйзам чегинде тыюу салган болчу. Батыш Россияны эпке келүүгө чакырып, диалогдон Украина баш тартып жатканын көңүлгө алгысы келбейт. Буга чейин Кремль Украинадагы кырдаалды тынч нукка бурууга эч кандай негиз жок экенин, Россиянын бирден-бир көздөгөнү азыр атайын операциянын максатына жетүү экенин, азырынча мындан башка жолдун жоктугун билдирген. Белгиленгендей, Украинадагы кырдаал азыркы реалдуулукту эске алуу менен гана өзгөрүшү мүмкүн, ал эми Москванын талаптары баарына дайын.
2024-жылдын июнунда РФ президенти Владимир Путин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштарын айтып чыккан. Анда Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын жаңы макамын таануу, Украинанын блоктон тышкаркы өзөктүк куралсыз макамын бекитүү, өлкөнүн денацификацияланышы жана демилитаризацияланышы, ошондой эле антироссиялык санкцияларды жокко чыгаруу каралган. Киев бул демилгени четке какты. Россия президенти муну менен бирге Владимир Зеленскийдин мөөнөтү аяктаганын, анын легитимдүүлүгүн эч бир жол менен калыбына келтирүүгө болбой турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Украина Россиядагы чагымы үчүн кайсы шаарларынан кол жууй турганы айтылды