ӨКМдин тоо куткаруучулары машыгып Комсомол, Пионер чокуларына чыгышты. Сүрөт

Алар чокуда тоого чыгуу даярдыгы боюнча тажрыйбалык сабактарды өздөштүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун "Эдельвейс" тоо куткаруу кошууну Ала-Арча жаратылыш паркындагы Комсомол, Пионер чокуларына чыгышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун "Эдельвейс" тоо куткаруу кошууну Ала-Арча жаратылыш паркындагы Комсомол, Пионер чокуларына чыгышты

2 / 2

Билдирмеге караганда, алар чокуда тоого чыгуу даярдыгы боюнча тажрыйбалык сабактарды өздөштүрүшкөн

Билдирмеге караганда, алар чокуда тоого чыгуу даярдыгы боюнча тажрыйбалык сабактарды өздөштүрүшкөн.

"Куткаруучулар бийиктикте өзүн алып жүрүү, асканын бетине, муз баскан чокуларга чыгуу боюнча машыгып, аска-зоодо түшө албай калгандарга, жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даярдык көрүшкөн", —деп айтылат маалыматта.

ӨКМ бийик чокуларга чыгуунун негизги максаты "Эдельвейстин" куткаруучуларын альпинизмге кызыктыруу болуп саналарын белгилеген.
ӨКМ аскердик кызматка сейрек адистиктеги кадрларды издеп жатат