Легендарлуу актер Ален Делон көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Дүйнөдөгү легендарлуу актер Ален Делон 88 жаш курагында көз жумганын РИА Новости франциялык ЖМКларга таянып кабарлады.
Ален Делон театр жана кино актеру, режиссер, сценарист болгон. "Рокко и его братья" (1960), "На ярком солнце" (1960), "Самурай" (1967), "Двое в городе" (1973) тасмалары менен атагы чыгып, ошол мезгилдин кино жылдызына айланган. 1980-жылы советтик "Тегеран-43" фильмине тартылган.
Бир катар эл аралык абройлуу сыйлыктардын ээси болгон.
Репрессия курмандыктарынын сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева көз жумду