Жарым жылда Кыргызстандан 240 миллион доллар которулган

Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азыраак, анда сыртка 283,9 миллион доллар жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Өлкөдөн 2024-жылдын алты айында 240,3 миллион доллар которулганы Улуттук банктын маалыматында жазылган.
Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.
Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азыраак, анда сыртка 283,9 миллион доллар кеткен. Кыргызстанга жиберилген акчанын көлөмү алда канча көп экенин белгилей кетүү керек. Мисалы, ушул жылдын январь-июнь айларынын аралыгында өлкөгө 1,4 миллиард доллардан ашуун каражат которулган.
Мамлекет 2,8 миң жетим балага банктан депозит ачат