Кыргызстанда жана дагы 13 өлкөдө Россиянын "Кино түнү" акциясы өтөт

Акциянын алкагында РФтеги жана чет мамлекеттердеги 5000 аянтчада кинотасмаларды акысыз көрсөтүү пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ишемби, 24-августта, Россия киносунун күнүнүн урматына IX "Кино түнү" акциясы өтөт. Бул тууралуу РФтин Маданият министрлиги маалымдады.
Акциянын алкагында аталган өлкөдөгү жана чет мамлекеттердеги жалпы 5000 аянтчада кинотасмаларды көрсөтүү пландалган.
Фильмдер Россиянын Кытай, Кыргызстан, Индия, Бразилия, Эфиопия, Египет, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Армения, Молдова жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде, маданий борборлорунда жана башка жайларында тартууланат.
Жыл сайын "Кино түнү" акциясы үчүн Россия кинематографиясындагы мыкты делген үч фильм тандалып алынат.
Бул жылдагы программага төмөнкү фильмдер кирген:
"Сто лет тому вперед", фантастикалык блокбастер (режиссеру Александр Андрющенко),
"По щучьему велению" тасмасы (Александр Войтинский),
"Воздух", аскердик-тарыхый драма (Алексей Герман-младший).
Фильмдер акысыз көрсөтүлөт.
Ысык-Көлдө кыргыз-россиялык билим берүү жарманкеси өтөт