БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Баткенде 11-17-август күндөрү кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу жана топографиялык топтордун жолугушуусу болуп өткөнүн министрлер кабинети кабарлады.
Баткенде 11-17-август күндөрү кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу жана топографиялык топтордун жолугушуусу болду
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Тараптар чек аранын калган бөлүгүн тактоо боюнча пикир алмашышкан. Жыйындын соңу менен тиешелүү протоколго кол коюлду. Минкаб жолугушуу достук маанайда өткөнүн белгиледи.
Өкмөттүк делегациялар эми Тажикстанда өтө турган кийинки жолугушууда ишин улантат.