Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Guardian: Курскинин алдындагы украин күчтөрү ирденип кете албайт

Макалада Россиянын Курскиде да, Донбасста да согушууга дарамети жетери, ал эми Украинанын анте алары күмөн экени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Курскинин алдындагы Украина аскер күчү өздүк курамдын жетишсиздигинен улам коргонуу линиясын узартып жатат, мындай жагдай Куралдуу күчтөрдүн абалын жакын арада ого бетер оорлоштурат. Бул тууралуу Guardian жазды.

"Курск операциясынын алдында эле Украина Куралдуу күчтөрү аскер жетишсиздигинен жабыркап келген. Эми резервдеги болгон күчүн жыйнап, жаңы фронтко жөнөттү", — деп жазылат макалада.

Материалда украин армиясы фронт линиясын чое баштаганын, бул жакын арада аскерлер коопсуз жайда жашырынууга өтө турганын билдирери айтылган. Британ журналисттери Украина Куралдуу күчтөрү канткен күндө да кыйын абалда каларын, себеби Россия регионго артиллериясын жайгаштырып, радиоэлектрондук түзүлүштөрүн орнотуп жатканын белгилешүүдө.
Макалада Украина эми кагылышуу жүрүп жаткан жерлердеги кемчиликтерин жоюуга аракет кылары айтылат. Гезит азырынча Киев россиялык техника келтирип жаткан кооптуулуктан арыла электигин жазып, ал арада мындай артыкчылык Россияга Красноармейск, Торецк жана Донбасстын башка шаарларына чабуул коюуга мүмкүнчүлүк берип жатканын белгиледи.
"Россиянын Курскиде да, Донбасста да согушууга дарамети жетет. Украинанын анте алары күмөн", — деп жыйынтыкталган макала.
6-августта Курск облусуна кирип келүүгө аракет кылган Украина Куралдуу күчтөрү токтотулган.
РФ президенти Владимир Путин Киев режими чагымчылык кылып, жай тургундарды, жарандык инфраструктураны ылгабай аткылап жатканын билдирген. Өлкө башчы каршылаш тийиштүү жооп аларын, Россия алдына койгон максатынын баарына жетерин белгилеген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ журналисттери Украинанын Курскидеги масштабдуу жоготуулары боюнча жазышты