Радио

Пульмонолог: кондиционер, вейп өнөкөт бронхитти шарттайт

Жогорку категориядагы дарыгер, пульмонолог Бермет Естебесова өлкөдө өпкө ооруларына чалдыккандардын саны кескин өсүп жатканын айтты.
Sputnik
Электрондук чылым, кальян жана кондиционер өнөкөт бронхитти шарттайт. Мисалы, вейптин ичиндеги буунун температурасы жогору болуп, өпкөнүн чел кабыгын тез жана катуу күйгүзөт. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы изилдөөлөр вейптин тамекиге караганда зыяндуулугун көрсөттү.

"Негизи Кыргызстанда өпкө ооруларына чалдыккандардын саны көп. Ал эми өлүмгө себеп болгон оорулардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Анын көп тараган түрлөрүнүн бири – бронхит. Акыркы үч жылда үч айдан көп жөтөлүп, какырык чыкса өнөкөт бронхитке өтүп кеткен деп эсептөөгө болот. Электрондук чылым, кальян өнөкөт бронхитти шарттайт. Мисалы, вейптин ичиндеги буунун температурасы жогору болуп, өпкөнүн чел кабыгын тез жана катуу күйгүзөт. Вейптеги никотиндин көлөмүн да так аныктоо мүмкүн эмес. Мындан тышкары, ысыкта жана суукта кондиционерди колдонуу эрежелерин окуп, аны туура пайдалануу керек", — деди Естебесова.

Ошондой эле ал өпкө ооруларына байланышкан илимий изилдөөлөр жылдан-жылга жасалып, бул багытта кыргызстандык адистердин көп ийгиликтери бар экендигин кошумчалады.