Селден улам Ысык-Көлдүн эки районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, жолдор жабылды

ӨКМ өлкө аймагында сел жүрүү кооптуулугу сакталарын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, айрым жолдор жабылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Учурда төмөнкү аймактарда жолдор жабык:
Григорьевка — Көл — Кашка-Суу унаа жолунун 0-16-чакырымы, Григорьевка капчыгайына кеткен жол;
Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа жолу;
Тогуз-Булак айылына барчу жол;
Ак-Сай — Көк-Сай жолу;
Ак-Терек — Дөң-Талаа жолу;
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү);
Ушул эле жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалга кептелип, каттам чектелген.
Министрлик азыркы учурда өзүнө караштуу Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан атайын техниканын жардамы менен жол тазалоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ өлкө аймагында сел жүрүү кооптуулугу сакталарын билдирип маалымат тараткан.
Ысык-Көлдө чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Видео