Эми 40 градус ысык болбойт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Борбор калаа Бишкекте абанын температурасы эң жогору чыкты дегенде 32-34 градуска жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
18-августтан 24-августка чейинки аба ырайы боюнча маалыматта ысыктын күчү азайып, ага кошумча, жаан-чачын болору болжолдонду. Борбор калаада абанын температурасы эң жогору чыкты дегенде 32-34 градуска жетет.

Чүй, Талас

Жуманын ичинде эки облуста 20-августта жана 22-августта күн ачык болот. Таласта 24-августта дагы жаан-чачын жаабайт. Калган күндөрү мезгили менен жамгыр төгүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 18-августта Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Өлкөнүн түштүк аймактарында жума ичинде өткүн өтүп турат. Синоптиктер 20-августта, 22-августта жана 24-августта күн ачык болорун болжолдошту. 18-августта аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын, Ысык-Көл

Эки региондо тең күндүн көзү ачылбай, аймактарда күн күркүрөп, жаан төгөт. Нарында жуманын этегинде, 24-августта, күн ачылат. Ысык-Көлдө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-19-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Ал эми Нарында 18-августта 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
ӨКМ: жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлдөнүүдө