Лукашенко Беларустун чек арасын кантип бекемдеп жатканын айтып берди

Беларусь президенти 9-августта республиканын аймагынан украиналык сокку уруучу дрондор атып түшүрүлгөнүн, дагы бир бөлүгү Россиянын аймагынан россиялык аскер күчү тарабынан жок кылынганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Украинанын учкучсуз учуучу аппараттары Беларустун түштүк-чыгыш чек арасын байма-бай бузуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Александр Лукашенко "Россия 1" телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.

"Тажатып жиберишкенинен катуу жооп кайтарууга аргасыз болдук, чек арабыздын түштүк-чыгыш бөлүгүн тынч койбой коюшту. Эскерткенбиз, абадан коргонуу системаларыбыз баарын көрүп жатат, мизин кайтардык. Бирок бул аймагыбызга кирип келүү болуп саналат", — деди Лукашенко украиналык дрондорго байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берип жатып.

Анын айтымында, "чек ара буга чейин болуп көрбөгөндөй миналанган".
Президент Киев чек арага 120 миң аскер алып келгенин айтып берди. Буга жооп иретинде Минск да чек араны бойлой курал-жарак, армиясын жайгаштырган. Лукашенко чек араны кесип өтүү чоң жоготуу менен коштолорун белгиледи.
Беларусь президенти 9-августта республиканын аймагынан украиналык сокку уруучу дрондор атып түшүрүлгөнүн, дагы бир бөлүгү Россиянын аймагынан россиялык аскер күчү тарабынан жок кылынганын билдирген. Лукашенко мунун баарын чагымчылык деп атап, "анын бири да жоопсуз калбай" турганын айтты. Беларустун коргоо министри Виктор Хренин Лукашенко өлкөнүн Украина менен чектешкен жерлеринде аскер күчүн күчөтүүгө буйрук бергенин белгилеген.
Лукашенко: Вашингтон менен Лондон гегемониядан улам дүйнөнү менчигиндей көрөт