Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Ири эскалация". Батышта Киевдин Россия боюнча жаңы планы тууралуу айтылды

Россия ТИМи Киев Курск АЭСине кол салууга даярданып жатканын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Украина жетекчилиги Москваны өтө оор сокку жасоого мажбурлоо үчүн чырды болушунча курчутууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Хельсинки университетинин профессору Туомас Малинен айтканын РИА Новости жазды.
"Украин жетекчилиги Кремль тарабынан катуу сокку урулушу үчүн масштабдуу эскалацияга барышы мүмкүн (өзөктүк сокку Киевге же Украинанын дагы башка бир жерине жасалышы ыктымал)", — деп жазган Х тармагына окумуштуу.
Анын айтымында, украин чырынын үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетишин каалаган "глобалдуу күчтөр" бар.
Буга чейин Россия ТИМи Киев Курск АЭСине кол салууга даярданып жатканын кабарлаган. Ведомствонун расмий өкүлү Владимир Зеленскийдин режими муну менен Европадагы масштабдуу техногендик апаатты шартташы мүмкүн экенин эскерткен.
Ал эми өлкөнүн Коргоо министрлиги эгер Украина Курск АЭСине кол салууга аракет жасай турган болсо кескин жооп аларын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ журналисттери Украинанын Курскидеги масштабдуу жоготуулары боюнча жазышты