Окуу жылынын башы менен Кара-Көлдө заманбап мектеп пайдаланууга берилет. Сүрөт

Мектеп салууга мамлекет 136 миллион сом бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жаңы окуу жылынын башталышы менен Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты.
1 / 4

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

2 / 4

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган

3 / 4

Курулуш-монтаждоо иштери "Рамзан Компани" ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Объектини салуу 136 миллион сомго бааланган.

4 / 4

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 97 пайызы бүткөрүлүп, учурда айланасын көрктөндүрүү жумушу жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды

Билдирмеге караганда, мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
"Курулуш-монтаждоо иштери "Рамзан Компани" ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Объектини салуу 136 миллион сомго бааланган. Мектеп үч кабаттуу, окуу корпусу жер төлөсү менен, спорт зал, жыйындар залы, ашканасы бар. Мектептин жалпы аянты 4160 чарчы метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 97 пайызы бүткөрүлүп, учурда айланасын көрктөндүрүү жумушу жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Өлкө мектептериндеги шарт бирдейлештирилип, гимназия макамы жоюлат