Илон Маск АКШ массалык ачкачылыкка кабыларын боолголоду

Харрис экономикалык программасын жарыялап, эгер шайлоодо жеңишке жетип кала турган болсо АКШнын "тарыхында биринчи жолу" азык-түлүк баасынын көтөрүлүшүнө федералдык тыюу салынарын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан чыккан талапкер Камала Харрис жеңишке жете турган болсо америкалыктар жапырт ачкачылыкка тушугат. Мындай божомолду ишкер Илон Маск айтканын РИА Новости жазды.
Ал өзүнүн Х тармагындагы баракчасынан Харристин азык-түлүк баасын чектөө боюнча программасын кенен түшүндүрүп берген финансылык эксперттин билдирүүсү менен бөлүшкөн. Автордун айтымында, окуянын мындай нугу АКШнын мамлекет катары жашоосун токтотуп, Американын элин массалык ачкачылыкка тушуктурат, буга өлкөнүн азык-түлүк индустриясы өзүн-өзү актабагандыктан кыйроого учурашы себеп болот.
"Таасын чыгарылган бүтүм", — деп жазды Маск.
Жума күнү Харрис экономикалык программасын жарыялап, эгер шайлоодо жеңишке жетип кала турган болсо АКШнын "тарыхында биринчи жолу" азык-түлүк баасын көтөрүүгө федералдык тыюу салынарын билдирген. Мындан тышкары, "кризистен пайдаланган" компанияларга айып салып, жаңыдан турак жай сатып алууну көздөгөн америкалыктарга 25 миң доллардан берилерин убадалап жатат.
Кийинчерээк The Wall Street Journal гезитинин редакциялык кеңеши Харристи экономикага болгон "жаңылыш көз карашы" үчүн катуу сынга алган. Авторлор Америка экономикасына жасалган мындай мамиле суроо-талаптын кыскаруусун шарттап, дүкөндөр бош каларын белгилешти. Кеңеш Харристин сунушун 1970-жылдары президент болуп турган Ричард Никсондун саясаты менен салыштырган.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Республикалык партиядан Дональд Трамп талапкер болууда. Ал эми демократтар учурдагы вице-президент Камала Харристи көрсөтүштү.
Илон Маск Улуу Британияда жарандык согуш болорун болжоду