Байдендин тушунда АКШ бюджетинин дефицити рекорд койду

АКШ дээрлик бир кылымдан бери кирешесин чыгашадан ашыра албай келет, акыркы жолу профицит 1920-1930-жылдар аралыгында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жо Байдендин президенттигинин тушунда АКШ бюджетинин дефицити 6,6 триллион долларга жетип, байкоо жүргүзүлүп келе жаткан мезгилдеги эң жогорку көрсөткүч катталда. Бул туурауу РИА Новости америкалык Финансы министрлигинин маалыматына таянуу менен жазды.
Байден башкарып тургандагы 3,5 жылдын ичинде америка өкмөтүнүн чыгашасы кирешеден 6,6 триллион долларга ашып түшкөн. Бул статистика жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку чек. Алсак, 2021-жылы 2,8 триллион доллар болчу, мында ИДП 13 пайызды түзгөн. Кийинки жылы терс сальдо 1,4 триллион долларга кыскарып, ИДПнын 6,3 пайызын көрсөткөн. Ал эми былтыр, тескерисинче.ю 1,7 триллионго өсүп, ИДПнын 7,6 пайызын түздү. Быйыл алты айдын ичинде 758,2 миллиард долларга жетип, ИДПга карата үлүшү 5,5 пайызды чамалап барууда.
Байденден мурунку президент Дональд Трамп дефицитти 5,6 триллион долларга жеткирип кызматынан кеткен. Бирок анын тушунда бюджеттин терс сальдосунун максималдуу жылдык көлөмү 3,1 триллион болуп, короновирус жылы ИДПнын 15 пайызын түзгөн.
Барак Обама бул жүз жылдыкта президенттигинин жыйынтыгы менен АКШ бюджетинин дефицитин Жорж Буш калтырып кеткен 5,1 триллиондон 2,2 триллионго түшүргөн жалгыз өлкө башчы болуп калды. Ал эми Буш 2001-жылдын жыйынтыгы менен АКШ бюджети жылдык профицитти 130 миллиард доллар кылып калтырып кеткен президент болду.
АКШ дээрлик бир кылымдан бери кирешесин чыгымдан ашыра албай келет, акыркы жолу профицит 1920-1930-жылдар аралыгында болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жылды профициттик бюджет менен жапкан жалгыз Гарри Трумэн (1946-1950) болду, ал эми чыгымы көп өкмөт (1,34 триллион доллар) Рональд Рейгандын тушунда катталган.
Мындай ири дефицит АКШнын мамлекеттик карызынан улам жаралууда, июлда биринчи жолу карыз 35 триллион доллардан ашып, эки жумадан кийин эле дагы 160 милиард долларга өсүп кеткен.
Илон Маск АКШ массалык ачкачылыкка кабыларын боолголоду