19-августка карата аба ырайы

19-августка караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 19-август, дүйшөмбүдө, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл жергесинде +20…+25, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +28...+30, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Атада +21...+23 градус жылуу болот.
Эми 40 градус ысык болбойт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу