Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Өлкөдөн 2024-жылдын алты айында 240 миллион доллар которулганы Улуттук банктын маалыматында жазылган. Кеп акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азыраак, анда сыртка 283,9 миллион доллар кеткен. Кыргызстанга жиберилген акчанын көлөмү алда канча көп экенин белгилей кетүү керек. Мисалы, ушул жылдын январь-июнь айларынын аралыгында өлкөгө 1,4 миллиард доллардан ашуун каражат которулган.
Ысык-Көлдө кызмат учурда машина сүзүп кеткен автоинспекторду Бишкектеги ооруканага алып келишти. Бул туурасында Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты. Эске салсак, 15-августта трассанын Чолпон-Атага чукул жеринде жол кыймылын жөнгө салып жаткан автоинспектор Элистан Арзыбековду катуу келе жаткан жеңил машина сүзүп кетип, комага түшүп калганы айтылган. Көп өтпөй, социалдык тармакта ички иштер министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигининин башчысына Чолпон-Ата шаарында тиешелүү медициналык жабдуулар жок болгондуктан автоинспекторду Бишкекке которууну суранышкан видео тараган.
Кыргызстандык спортчулар Германияда өткөн эл аралык турнирде спорттук бал бийи боюнча алтын медаль утуп алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук бий федерациясы маалымдады. Турнир Штутгарт шаарында 13-15-август күндөрү болгон. Ага Кыргызстан, Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Болгария, баш-аягы 30дан ашык өлкөнүн бийчи-спортчулары катышкан. Бул турнирде кыргызстандык Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова экөө жуп болуп бийлеп, спорттук бал бийи боюнча 138 түгөйдүн ичинен биринчи орунга чыгышкан. Ошондой эле маалыматта Кыргызстандын Спорттук бий федерациясы аталган жарышка катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирирери кошумчаланган.
Россиянын Коргонуу министрлигине көз карандысыз телеканалдар аркылуу Киевдин Курскидеги атомдук электр станциясына сокку урууга даярданып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Россия бул маалыматка олуттуу карай турганын министрликтен билдиришти. Бул чагымдын максаты — Россияны "өзүн-өзү атты" деп күнөөлөө жана аны Москванын Украинанын атомдук энергетика объектилерине сокку урушуна негиз түзүп берүү экени айтылды. "Киевдик режимдин батыштык калкалоочуларынын жардамында жасап жаткан бул аракеттерин БУУнун Башкы ассамблеясы 2005-жылдын 13-апрелинде кабыл алган "Өзөктүк террорчулук актылар менен күрөшүү" жөнүндөгү эл аралык конвенциясын түздөн-түз, ачыктан-ачык эле бузуу деп сыпаттайбыз", — деп айтылат Россиянын Коргонуу министрлигинин билдирүүсүндө. Ошондой эле анда эгерде Киев ушундай кылмыштуу пландарын ишке ашырууну баштай турган болсо тез арада ага карата аскердик жана аскердик-техникалык катуу жооптор болорун эскертишкен.