Радио

Арстанбеков: айыл чарба багытындагы жеңилдетилген насыяны 9 миңдей субъект алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин каржы, мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кадимбек Арстанбеков жеңилдетилген кредит 2013-жылдан баштап берилип келе жатканын айтты.
Sputnik
Ушул тапта "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында мамлекеттик банктар 3 миллиард 492 миллион сомго 8 миң 838 насыя беришти. Быйылкы жылга жалпы 5 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Кадимбек Арстанбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өсүмдүктөрдү өстүрүү багытына 391 миллион сомго 1 212 насыя, мал чарбачылыгы багытына 3 миллиард 100 миллион сомго 7 625 кредит берилди.
"Кыргызстанда айыл чарба менен алектенген 460 миңден ашуун чарба субъектилери бар. Аларды колдоо максатында 2013-жылдан бери "Айыл чарбасын колдоо" долбоору ишке ашырылып келет. Мунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы 54 миллиарддан ашык суммага 127 миң ашуун чарба субъектилери каржыланды. 2024-жылдын январында министрлер кабинетинин тескемеси менен "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоору кабыл алынып, жеңилдетилген насыяны берүүгө беш миллиард сом бөлүнгөн. Анда 10 пайыздык үстөк менен эки жылдык мөөнөткө ала алышат. Насыянын үстөгү айыл чарба багытындагы жеңилдетилген кредитти алууга кайрылган дыйкан, фермерлердин бардыгына жеткирүү максатында жогорулады. Эгер пайыздык ченин аз кылып бере турган болсок каражат аз бөлүнүп калат (мисалы, былтыр 6 пайыз үстөгү менен 3 миллиард 300 миң сом гана бөлүнүп, жалпы 7 миң 339 насыя берилген). Быйыл болжолдуу план боюнча 10 миңден кем эмес кредит кароо мүмкүнчүлүгү бар. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл көбүрөөк берилүүдө", — деди Арстанбеков.
Ал ошондой эле айыл чарба багытындагы жеңилдетилген кредитти жылдын аягына чейин мамлекеттик банктар аркылуу алса болорун кошумчалады.