35 өлкөдөн келген велосипедчендер Кыргызстанда 1938 чакырым жүрүш баштады. Сүрөт

Бишкектен башталган сапар Соң-Көл, Чатыр-Көл аркылуу өтүп, Чолпон-Ата шаарында аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1 938 чакырым аралыкка созулган Silk Road Mountain Race-2024 веломарафону башталды.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, анын алкагында катышуучулар Соң-Көл, Чатыр-Көл, Ысык-Көлдүн кооздугун көрө алышат. Бишкектен башталган сапар Соң-Көл, Чатыр-Көл аркылуу өтүп, Чолпон-Ата шаарында жүрүш аяктайт. Ага чейин 1 938 чакырымды өтүшөт.
1 / 2

2 / 2

Бул марафонго 35 өлкөдөн келген 170 адам катышмакчы. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык иш-чаранын ачылышына катышып, бул жүрүш маршрутунун татаалдыгы гана эмес, жаратылышынын кооздугу, жергиликтүүлөрдүн меймандостугу менен белгилүү болуп жатканын айтты.

"Бул биздин туристтик мүмкүнчүлүгүбүздүн мыкты жарнамасы. Жылдан-жылга марафон кеңири таралып, катышуучуларынын саны көбөйүүдө, анын ичинде кыргызстандыктар да көп. Алдыдагы эки апта ичинде күйөрмандык кылып жарышка, велоспортчулардын чыдамына, анан албетте, биздин тоолордун кооздугуна көз салып турабыз", – деген Байсалов.
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында көп функционалдык спорт комплекси курулат