Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ведомство: Киев эки АЭСке радиоактивдүү заттар менен чабуул жасоону пландоодо

Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск менен Запорожье АЭСтерине чабуул жасоодо радиоактивдүү дүрмөтү бар ракеталарды колдонууну пландап жатат. Бул туурасында РИА Новости Россиянын күч түзүмдөрү боюнча ведомствосунун өкүлүнө таянып жазды.

"Алынган маалыматтарга караганда, каршылаштар Курск менен Запорожье АЭСтерине чабуул жасашы мүмкүн. Бута — колдонулган өзөктүк отундарды сактаган жай. Сокку уруу үчүн радиоактивдүү заттар менен дүрмөттөлгөн ракеталарды колдонуу ниеттери бар. Аларды Украинанын Днепропетровск облусунун Желтые Воды аймагына алып келип коюшкан", — деген агенттикке маалымат берген адам.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Курск облусуна Американын HIMARS ракетасы менен сокку урулду