Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери кайрадан акча опузалап кармалды

Ал өткөн жылы дагы подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттери үчүн кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери бир жылдан кийин кайрадан акча опузалап кармалганын УКМК маалымдады.
Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, бул ирет вице-спикер Б.С. тургундан жергиликтүү бюджеттен эмгек акыны өндүрүү маселесин чечүүгө каралашканы үчүн 45 000 сом талап кылган.
УКМК аны каражатты алып жаткан жеринен кармап, Жалал-Абад облустук милициясынын убактылуу тергөө камак жайына киргизгенин билдирди.
"Б.С. өткөн жылдын июнь айында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин спикери болуп турганда подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттери үчүн кармалган. Сот кылмыш ишин козгоп, бирок тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулган", – деп айтылат маалыматта.
УКМК: ишкер Жалил Атамбаев менен мурдагы депутат Салайдин Айдаров кармалды