Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ журналисттери Украинанын Курскидеги масштабдуу жоготуулары боюнча жазышты

Буга чейин Россия Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курскидеги чабуулда жок кылынган аскер жана техникаларын тизмектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Украина Курск облусуна алдыңкы аскерлерин жөнөтүү менен чоң жоготууларга кептелүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Military Watch басылмасына таянып жазды.
"Баяндамачылар Россиянын Коргоо министрлигинин Украинанын Курск аймагындагы жоготуулары тууралуу билдирүүсү боюнча: "Украина чабуулга өзүнүн эң күчтүү аскер бөлүктөрүн, анын ичинде жетишсиз болуп жаткан Challenger 2, Т-80 жана Leopard танкаларын да жибергенин эске алганда, жоготуулар олуттуу", — дешкен.
Макалада журналисттер бул операциянын жүрүшүндөгү жоготуулар Украинын Куралдуу күчтөрүнүн согуштагы абалына чоң таасир бериши мүмкүн экенин эскертишкен.
Жакында РФ Коргоо министрлиги кармаш учурунда Россиянын аскер бөлүктөрү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна кирүү аракетин тозоттоп, алардын 2 860 аскерин, 41 танкасын, сооттолгон 40 транспортерун, 23 аскердик унаасын, 213 аскердик сооттолгон техникасын жана 22 куралын жок кылганын маалымдаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Курск облусуна Американын HIMARS ракетасы менен сокку урулду