Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу колуктусунун колун сурады. Видео

Мушкер Олимпиададан кайткандан кийин жакында үйлөнө турганын айткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Олимпиаданын бокс боюнча күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу колуктусунун колун сурады.
Бул учурдагы видео интернет желесине тарады. Спортчунун ата-энеси жакында ЖМКлардын бирине курган маегинде кызга сөйкө салып коюшканын, той 24-августка пландалганын айтышкан.

Ал эми мушкер өзү Олимпиададан кайткандан кийин жакында үйлөнө турганын айтып, "баары даяр" деген болчу.

Олимпиада оюндары — 2024
Жоламан менен Мунарбектин үйлөнүшү, Мээримдин көз жашы. Олимпиадачылар эмне дешти