Бардыбаев: МТСтерди көбөйтүү үчүн активдүү аракеттер көрүлөт

Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Бардыбаев өлкөдө жалпы 152 машина-трактордук станция (МТС) бар экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда машина-трактордук станциялар жетишсиз. Бул тууралуу Жыргалбек Бардыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында МТСтер көбөйсө дыйкандардын иши жеңилдейт.
"Азыр Кыргызстанда жалпы жонунан 152 машина-трактордук станция бар. Президенттин жарлыгында кырк станцияны уюштуруу тапшырмасы коюлуп, ал боюнча иштеп жатабыз. Дыйкандардын баарында эле трактор же комбайн жок. Бул техникалар кымбат, жери аз болсо сатып алуунун деле кажети жок. МТС иштесе ага барып, "ушул күнү жеримди айдаш керек" же "дан эгинин оруш керек" деп дайындап коюп, бүтүрө берет. Учурда өлкөдө 152 МТС бар, бирок Кыргызстан үчүн аз. Баткенде болгону — 10, Жалал-Абадда — 22, Ысык-Көлдө — 33, Ошто — 11, Таласта — 20, Чүйдө бир аз көбүрөөк — 32, Нарын облусунда 24 МТС иштейт. Соңку жылдары алардын көбөйүп жатканы байкалууда. Мындан нары дагы аталган станцияларды уюштуруу боюнча жер-жерлердеги биздин кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге бул багытта активдүү иштерди жүргүзөт", — деди Бардыбаев.
Ошондой эле ал жыл башынан бери өлкө аймагында 10 МТС түзүлгөнүн, алардын экөө муниципалдык, сегизи жеке жактарга тиешелүү экенин белгиледи.