Олимпиада оюндары — 2024

Захарова Эл аралык олимпиада комитетинин президентин сынга алды

Анын айтымында, Бах айрым мушкер аялдарга Олимпиадага катышууга уруксат берилгендиги боюнча шектүү чечимдерди жаап-жашырууга аракет жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бахтын Олимпиадага катышкан спортчулардын гендердик иденттүүлүгү боюнча айтканын сынга алды.
Дипломаттан ЖМК өкүлдөрү Бахтын аял менен эркекти айырмалоо үчүн илимий ыкмалар жок деген тейдеги билдирүүсү боюнча оюн сурашкан. Захарова өзүнүн Telegram каналына жообун жазган.
"Эл аралык олимпиада комитетинин президенти кызматтык абалын, Олимпиада оюндарын дүйнөлүк спортту өнүктүрүүгө эмес, "инклюзивдүүлүккө" неолибералдуу мамилени жайылтууга пайдалангандыгы өкүнүчтүү", — деген Захарова.
Анын айтымында, Бах айрым мушкер аялдарга Олимпиадага катышууга уруксат бергени боюнча шектүү чечимдерди гендердик темадагы талаш-тартыштуу билдирүүлөрү жана Эл аралык бокс ассоциясына ачык эле калп айтуу менен жаап-жашырууга аракет кылган.
"Ал аялды эркектен айырмалап билүүнүн илимий ыкмасы жок экенин айтты. Ага дагы кандай жеткиликтүү илимий маалыматтар керек экенин билбейбиз. Ушуга чейин туура ойлоно алган адамда аны айырмалоо боюнча маселе жаралган эмес. Дүйнө жүзү боюнча эки гана – аял, эркек деген жыныс бар. Ага ылайык, аялдар жана эркектер арасында спорттук мелдештер өткөрүлөт. Бахтын батыштык неолиберал элиталарына жасакерленип, Олимпиада оюндарына "жаңы инклюзивдүүлүктү" киргизүү аракеттери кейиштүү жыйынтыктарга алып келет", — деп оюн жыйынтыктаган РФ ТИМинин расмий өкүлү.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: гендердик тесттен өтпөй калган дагы бир боксчу беттешип, утту