Өлкөдөн темирди экспорттоого коюлган чектөө дагы жарым жылга узартылды

Чечим темирдин тартыштыгын алдын алуу максатында кабыл алынганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети темирди экспорттоого койгон убактылуу чектөөнү жарым жылга узартты. Бул тууралуу минкабдын токтомунда айтылат.
"Темирдин экспортуна убактылуу чектөө киргизилгени тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна, ЕЭК, жана КМШнын Аткаруу комитетине кабарланышы керек. Ал эми Бажы жана Чек ара кызматтары аталган товардын мыйзамсыз экспортуна бөгөт коюу үчүн зарыл чараларды көрсүн", — деп жазылган документте.
Бул чечим темирдин тартыштыгын алдын алуу жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында кабыл алынганы белгиленди.
Кыргызстандын экспортунун дээрлик 40%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет