Көлдө кызмат учурунда автоунаа сүзүп кеткен автоинспектор Бишкекке жеткирилди

Кырсык 15-августта трассанын Чолпон-Атага чукул жеринде милиция жол кыймылын жөнгө салып турганда караңгыда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө кызмат учурда машина сүзүп кеткен автоинспекторду Бишкектеги ооруканага алып келишти. Бул туурасында Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
Эске салсак, 15-августта трассанын Чолпон-Атага чукул жеринде жол кыймылын жөнгө салып жаткан автоинспектор Элистан Арзыбековду катуу келе жаткан жеңил машина сүзүп кетип, комага түшүп калганы айтылган.
Көп өтпөй социалдык тармакта ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин башчысына Чолпон-Ата шаарында тиешелүү медициналык жабдуулар жок болгондуктан автоинспекторду Бишкекке которууну суранышкан видео тараган.
ИИМден кырдаал министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экенин, медиктер уруксат берери менен Бишкектеги республикалык ооруканага жеткириле турганын билдиришкен. Бейтапты ташууга атайын автоунаа даяр экенин кошумчалашкан.
ИИМ: Көлдө унаа сүзүп кеткен автоинспекторду Бишкекке алып келүүгө даярбыз