ИИМ: Көлдө унаа сүзүп кеткен автоинспекторду Бишкекке алып келүүгө даярбыз

Инспектор жол кырсыгынан кийин автокыймылды көзөмөлдөп жаткан учурда унаа коюп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада кайгуул милициясынын комада жаткан кызматкери Элистан Арзыбековду достору Бишкекке которууну суранды.
Автоинспекторду 15-августта трассада болгон жол кырсыгынан кийин автокыймылды көзөмөлдөп жаткан учурда унаа коюп кеткен.
Соцтармакта ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигининин башчысына кайрылуу тараган. Милиционердин достору Ысык-Көлдө тиешелүү медициналык жабдуулар жок болгондуктан автоиснпекторду Бишкекке которууну суранышкан.
ИИМ кырдаал министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экенин, медиктер уруксат берери менен Бишкектеги республикалык ооруканага жаткырыла турганын билдирди. Бейтапты ташууга атайын автоунаа даяр экенин белгилешти.
Суусамырда фура менен бензин ташыган автоунаа сүзүшүп, эки адам көз жумду