Польша, Түркия жана Монголиядан издөөдө жүргөн кыргызстандыктары алып келишти

Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ар кыл кылмыш жасап, издөөгө алынган үч кыргызстандыкты Польша, Түркия жана Монголиядан алып келишти. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Алдамчылык боюнча С.Б. Монголиядан, кылмыш жолу менен тапкан кирешесин адалдоо боюнча Ш.О. Түркиядан, каракчылык боюнча А.М. Польшадан экстрадицияланган. Үчөө тең мурда издөөгө алынган", — деп айтышкан ИИМден.
Министрликтен алардын жүргөн жерин аныктоо боюнча иш-чаралар башка мамлекеттердин компетенттүү органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлгөнүн белгилешти.
Каракчылыкка шектелген жаран Польшадан Кыргызстанга экстрадицияланды