"Ысыктан асфальт эмес, мээбиз деле эрип калды". Вице-мэрдин түшүндүргөн видеосу

Буга чейин интернет-колдонуучулар борбор калаанын жаңы жасалган жолдорундагы кемчиликтерди видеого тартып, суроо узатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев баш калаадагы жаңы жасалган жолдордогу кемчиликтерди аны жасаган компаниялар өздөрү жое турганын билдирди.
Ырсалиев оңдоо иштери жүрүп жаткан аймактан видеотүшүндүрмө берген.
Мэрдин орун басарынын айтымында, Ахунбаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгүндө кемчиликтер бар экенин шаар башчысы ага 20 күн мурда айткан.

"Күндүн ысыгынан асфальт эмес, биздин мээбиз деле эрип калды. Асфальтты жаңы баскандан кийин автоунаалар, оор автобустар жүрүп атат. Мага шаар башчысы Айбек Жунушалиев көйгөйдү 20 күн мурда айткан. Ага жол жасагандар үч жыл кепилдик берерин, бул убакытта кемчиликтерди жоерун түшүндүргөм. Ал эми дөңгөлөктүн изи терең түшүп калган (колея) жерлерди кесип, жаңы асфальт түшүрүшөт", — деди Ырсалиев.

Ошондой эле түшүп кетип аткан люктар тууралуу дагы айткан.
"Асфальт менен тегиз кылып жасаганга аракет кылып жатабыз, бирок айрымдары кирпич менен көтөрүлгөн. Аларды алыш үчүн сууну өчүрө турган болсок, жашоочулар бир жума суусу жок калды дегиче "көтөрүлүшкө" чыгат. Жолдор жабылганда эле бир топ ыңгайсыздыктар болду", — деген вице-мэр.
Ошондой эле Ырсалиев быйыл жасалган жолдордон 300 миллион сом үнөмдөлө турганын кошумчалаган.
Оңдолбой жатып бузулган жолду көрсөңүз чалыңыз. Телефондор