Бишкек, Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болорун ӨКМ элге эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал күтүлүп жатканын эскерткен ӨКМ элди сак болууга чакырды.
Министрликтен жакынкы үч саатта күн күркүрөп, шамалдын күчү катуу болорун айтышкан.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларга кириңиздер. Электр кабелдеринен, жарнама илинген ири такталардан, бак-дарактардан алыс болуңуздар", — деп айтылган эскертүүдө.
Жакынкы күндөрү таш кулап, сел жүрүшү мүмкүн болгон жерлер. Тизме