Кыргызстандык бийчи-спортчулар 30 өлкөнүн ичинен биринчи орунду алышты. Видео

Бишкектен барган бийчи жуп 138 жуптун ичинен алдыңкы сапка чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Германияда өткөн German Open Championship WDSF – 2024 эл аралык турниринде спорттук бал бийи боюнча алтын медаль утуп алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук бий федерациясы маалымдады.
Турнир Штутгарт шаарында 13-15-август күндөрү болгон. Ага Кыргызстан, Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Болгария, баш-аягы 30дан ашык өлкөнүн бийчи-спортчулары катышкан.
Кыргызстанские танцоры завоевали золото международного турнира в Германии
"Бул турнирде кыргызстандык Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова экөө жуп болуп бийлеп, спорттук бал бийи боюнча 138 түгөйдүн ичинен биринчи орунга чыгышты. Башында Сергей Титунин турган Кыргызстандын Спорттук бий федерациясы аталган жарышка катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирет", – деп жазылат маалыматта.
Радио
Кыдыков: хореографиялык окуу жайга 6-7 жаштан кабыл ала баштадык