БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Салмагын бир калыпта кармап, толуп кетпеш керек деген адамдар кумшекерди балга алмаштырса болот. Бул тууралуу Sputnik радиосуна Татьяна Залетова айтып берген.
Адис билдиргендей, балдын калориясы кумшекерге караганда 70 ккалга төмөн.
"Бал деле негизинен жөнөкөй угловоддордон турат. Бирок алар кумшекерден айырмаланып көптөгөн витаминдер менен микроэлементтерди камтыйт", – деген Залетова.
Диетолог аталган азыкта кайсы пайдалуу заттар бар экенин да түшүндүргөн.
"Биринчи кезекте, бал В тайпасындагы витаминдерди камтыйт. Албетте, бул витаминдердин булагы деп айта албайбыз, бирок аларды толуктай алчу бирден-бир азык. Мындан тышкары, анда темир, марганец бар. Бул минералдык азыктар сырткы көрүнүшүбүздү, саламаттыгыбызды коргоодо, карылык менен күрөшүү системаларында керектүү", – деген адис.
Диетолог бал байыртан бери эле антибиотик катары да пайдаланылып келгенин кошумчалаган.
"Өтө оор эмес ооруларда балды антибиотиктин ордуна колдонушкан. Мисалы, кош бойлуу аялдарга, айрым балдарга антибиотик ичүүгө болбойт, бул учурда аларга аталган азык сунушталат", – деген дарыгер.
Ошондой эле бир күндүк нормасын, тагыраагы, суткасына алты кашыктан ашык жебеш керектигин түшүндүргөн.
"Эң жакшысы, күнүнө эки чай кашык көлөмүндө суусундуктарга же башка тамак-ашка кошуп жеш керек. Айта кете турган дагы бир учур, кант диабетинен жабыркагандар жана балга аллергиясы барлар мындан баш тартканы оң", — деп эскерткен диетолог.