Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргонуу министрлиги АЭСке байланыштуу Киевге эскертүү берди

Россия каршылаштын аракеттерин БУУнун Башкы ассамблеясынын "Өзөктүк террорчулук актылар менен күрөшүү" жөнүндөгү конвенциясын түздөн-түз бузуу деп сыпаттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россиянын Коргонуу министрлигине көз карандысыз телеканалдар аркылуу Киевдин Курскидеги атомдук электр станциясына сокку урууга даярданып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Россия бул маалыматка олуттуу карай турганын министрликтен билдиришти.
Бул чагымдын максаты — Россияны "өзүн-өзү атты" деп күнөөлөө жана аны Москванын Украинанын атомдук энергетика объектилерине сокку урушуна негиз түзүп берүү экени айтылды.
"Киевдик режимдин батыштык калкалоочуларынын жардамында жасап жаткан бул аракеттерин БУУнун Башкы ассамблеясы 2005-жылдын 13-апрелинде кабыл алган "Өзөктүк террорчулук актылар менен күрөшүү" жөнүндөгү эл аралык конвенциясын түздөн-түз, ачыктан-ачык эле бузуу деп сыпаттайбыз", — деп айтылат Россиянын Коргонуу министрлигинин билдирүүсүндө.
Ошондой эле анда эгерде Киев ушундай кылмыштуу пландарын ишке ашырууну баштай турган болсо тез арада ага карата аскердик жана аскердик-техникалык катуу жооптор болорун эскертишкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ журналисттери Украинанын Курскидеги масштабдуу жоготуулары боюнча жазышты