"Талибандын"* саясий бюро башчысы: Афганстан коопсуз жана туруктуу болуп калды

Азыркы бийликтин учурунда өлкөдө жүрүү коопсуз болуп калгандыктан ишкерлик менен сооданын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлдү деп айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Талибдер* башкарган үч жыл ичинде Афганстан мурдагы жетекчилердин учуруна караганда коопсуз жана туруктуу болуп калды. Бул тууралуу аталган кыймылдын Катардагы саясий бюросунун башчысы Сухейл Шахин РИА Новости агенттигине талибдердин бийликке келгендигинин үч жылдыгына карата билдирди.
Үч жыл мурда, 2021-жылдын август айында, талибдер Афганстандын өкмөтүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барышкан. 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып кетишкен. Муну менен АКШнын 20 жылдан берки аталган өлкөгө аскерлерин жайгаштыруусуна чекит коюлган. Ошол эле жылдын сентябрь айынын башында "Талибан"* Афганстанда өзүнүн жаңы өкмөтүн түзгөн.
"Биз мамлекет боюнча коопсуздукту камсыздадык, эл өлкөнүн бир тарабынан экинчи тарабына кенен саякаттай алат, соода, бизнес-тармактар кеңейди", — деген Шахин.
Ошондой эле ал талибдер бийликке келгенден кийин өлкөдө жүрүү коопсуз болуп калгандыктан ишкерлик менен сооданын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлдү деген. Шахиндин айтымында, андагы көрсөткүчтөр акыркы 20 жылдагы рекорд экенин кошумчалаган.
"Биз валютабыздын туруктуулугун сактап калдык, бир нече ири долбоорлорду ишке ашырдык, дагы далайы бар, жаңы, олуттууларын да ишке ашырууга аз калды", – деп кошумчалаган ал.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм
Путин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын талибдер* менен диалог түзүүгө чакырды