18-августка карата аба ырайы

18-августта жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. 18-август, жекшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр төгүп, күн күркүрөсө, айрым жерлерде нөшөр болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас аймагында +20…+25, Ош, Жалал-Абад облустарында +28…+33 жана Баткенде +27…+32, Ысык-Көл жергесинде +22…+27, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +25…+27, Ош шаарында +28…+30, Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.
Синоптиктер катуу жамгырдан улам сел кооптуулугу да жараларын эскертишти.
35 өлкөдөн келген велосипедчендер Кыргызстанда 1938 чакырым жүрүш баштады. Сүрөт