Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Чолпон-Атада кайгуул милициясынын комада жаткан кызматкери Элистан Арзыбековду достору Бишкекке которууну суранды. Автоинспекторду 15-августта трассада болгон жол кырсыгынан кийин автокыймылды көзөмөлдөп жаткан учурда унаа коюп кеткен.Социалдык тармакта Ички иштер министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигининин башчысына кайрылуу тараган. Милиционердин достору Ысык-Көлдө тиешелүү медициналык жабдуулар жок болгондуктан автоиснпекторду Бишкекке которууну суранышкан. ИИМ кырдаал министр Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экенин, медиктер уруксат берери менен Бишкектеги республикалык ооруканага жаткырыла турганын билдирди. Бейтапты ташууга атайын автоунаа даяр экенин белгилешти.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери бир жылдан кийин кайрадан акча опузалап кармалганын УКМК маалымдады. Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, бул ирет вице-спикер тургундан жергиликтүү бюджеттен эмгек акыны өндүрүү маселесин чечүүгө каралашканы үчүн 45 000 сом талап кылган.УКМК аны каражатты алып жаткан жеринен кармап, Жалал-Абад облустук милициясынын убактылуу тергөө камак жайына киргизгенин билдирди. Маалыматта кылмышкер өткөн жылдын июнь айында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин спикери болуп турганда подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттери үчүн кармалган. Сот кылмыш ишин козгоп, бирок тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулганы айтылат.
Кыймылсыз мүлктү кайра каттатууда камсыздандыруу полиси талап кылынат. Маалыматка ылайык, өкмөттүн тиешелүү токтому 9-августта кабыл алынган. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы турак жайды камсыздандыруу мүлктү коргоо гана эмес, ар бир үй-бүлө үчүн финансылык коопсуздуктун маанилүү аспектиси экенин белгилеген. Турак жай камсыздандырылган болсо ар кандай кырсыктарда, сел, өрт жана башка күтүүсүз учурларда мамлекет чыгымды жаап берери айтылган. Мамлекеттик камсыздандыруу компанияларында турак жайды камсыздандыруу шаар жерлеринде жылына 1 200 сом, айыл жеринде 600 сом турат.
Украинанын жашоочулары аскердик автоунааларды өрттөп, мобилизацияга каршылыгын көрсөтүп жатышканын Al Mayadeen телеканалы жазды. "Украинанын полициясы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин техникаларына өрт коюлганы тууралуу маалыматтарды күн сайын берип жатышат. Аскер кызматкерлери түндө көчөдө машиналарын токтотуп кеткенден кооптонуп, полициянын бөлүмдөрүнүн жанына калтырууда. Бирок бул дагы жардам бербей калып жатат", — деп жазылган басылманын маалыматында. Транспортторду негизинен аскерге барууну каалабаган өспүрүмдөр менен жаштар өрттөп жатканы айтылды. Материалдын автору Украина Куралдуу күчтөрүнүн командирлеринин бири өрт койгондорду атууну сунуштаганын эске салды. Украинада мобилизацияны күчөтүү боюнча мыйзам 18-майда иштей баштаган. Документ күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде бардык аскерге милдеттүүлөр аскер комиссариатынан өз маалыматтарын тактоого милдеттүү. Чакыруу кагазы адамдын колуна берилбесе да тапшырылган болуп эсептелет.