Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кыргызстанда маймыл чечеги боюнча кооптонууга негиз жок. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен Sputnik Кыргызстанга айтышты. Санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева түшүндүрмө берди. "Маймыл чечеги негизинен Африканын Конго, Камерун, Нигерия, Түштүк Судан жана башка бир катар өлкөлөрүндө кездешет. Себеби ал жакта инфекцияларды ташып жүргөн маймылдар бар. Бул мамлекеттерде жашагандар аталган жаныбарлар менен дайыма аралашып жүргөндүктөн, көбүрөөк оорушат", — деген Оторбаева. Дарыгер Кыргызстанда аталган илдеттин бар-жогун текшере турган тест-система бардыгын кошумчалаган. "Кокус инфекция чыгып калса деген шартта атайын буйруктун долбоору даярдалган. Былтыр ДССУдан тест-системаларды алганбыз. Бул өтө жакын байланыш болмоюн кишиден кишиге жукпайт", — деди эпидемиолог. Маймыл чечегин жугузуп алгандар Швеция менен Пакистанда катталган.
Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү коомчулукка чуу жараткан видеокайрылуу жасаган жарандар менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.Социалдык тармакка Москвадагы 40ка чукул жашыраак курактагы кыргызстандыктардын кыргыз улутундагы кыз-келиндерге жүрүм-туруму боюнча эскертүү берип кайрылган видеосу тараган. ИИМдин маалыматы боюнча, алардын аты-жөнү такталып, өкүлчүлүккө чакыртылган. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузбай турганын айтышты. Милициядан мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын да эскертишти.
Өзбекстандагы окуу жайларга тапшыруу үчүн документтер 24-августка чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун алкагында мамлекеттик гранттын негизинде Кыргызстандын жарандарын Өзбекстандын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 100 квота бөлүнгөн. "Өзбек тарап 2024/2025-окуу жылында Кыргызстандан студенттерди бакалавриат программаларына кабыл алууга даяр. Окутуу өзбек, орус жана каракалпак тилдеринде жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Коңшу мамлекеттин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандар 0702 756 756, 0312 662198 телефондоруна чалып толук маалымат алса болот.
Жума күнү Курск облусуна биринчи жолу Батыштан чыккан ракеталар менен, божомолдор боюнча Американын HIMARS системасы аркылуу сокку урулган. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдиргенин Мария Захарова билдирди. Захарованын айтымында, ГлушкОвск районунун Сейм дарыясы аркылуу көпүрөдөн жасалган чабуулдан ал толугу менен талкаланып, эвакуацияланып жаткан жай тургундарга жардам көрсөткөн ыктыярчылар каза болгон. Тышкы иштер министрлиги адамгерчиликсиз иштерди жасаган күнөөлүүлөрдүн баары катаал жазага тартыла турганын кошумчалаган.