Ысык-Көлдө кыргыз-россиялык билим берүү жарманкеси өтөт

Башкы тема Россия менен Кыргызстандагы билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерди жайылтуу экенин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында билим берүү тармагындагы жаңычылдык чечимдер боюнча Кыргыз-Россия жарманкеси өтөт. Бул туурасында РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.
19-20-августта Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган иш-чара мугалимдердин август конференциясындагы маанилүү учур болмокчу.
Жарманкени өткөрүү демилгесин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева орус тилинде билим берген мектеп директорлорунун былтыр күздө өткөн форумунда көтөргөн эле.
Бул жарманке РФтин Агартуу, илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Башкы тема Россия менен Кыргызстандагы билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерди жайылтуу экенин билдиришти.
Иш-чарага Россия тараптан алдыңкы билим берүү жайлары, илимий мекемелер катышат. Тизмеде Курчатов институту, "Сириус" университети, Илим жана технология боюнча Сколковский институту, Жогорку экономика мектеби, Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университет, Петр атындагы политехникалык университет сыяктуу бир топ окуу жайлар бар. Андан сырткары, Евгений Примаков атындагы облустук гимназия, "Артек" жана "Орленок" эл аралык жана бүткүл россиялык балдар борборунан да өкүлдөр келишмекчи.
Жарманкеде 135 лекция, семинарлар жана мастер-класстар өткөрүлүп, ага 80ден ашык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Министрликтен иш-чарага 400гө чукул катышуучулардын келери күтүлүп жатканын айтышты. Анын соңунда бир катар макулдашууларга кол коюлмакчы.
Чолпон-Атада 10 өлкөдөн келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда