Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин армиясынын Курск облусуна чабуулун НАТО кошулуп пландашкан

Патрушев Штаттар артында туруп колдобосо, Украина Россиянын аймагына карата операцияларды жасоого даамак эместигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Украин армиясынын Курск облусуна чабуулун пландоодо НАТО менен Батыштын атайын кызматы катышса да АКШ Киев режиминин кылмыштарына тиешеси жок деп калп айтууда. Бул туурасында РФ лидеринин жардамчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ жетекчилигинин Киевдин Курск облусундагы кылмыштарына катышы жок дегени калп", — деген ал "Известия" басылмасына берген интервьюсунда.
Мамлекет башчынын жардамчысы Вашингтондун "айтканы менен кылганы башка" экенин баса белгилеген. Анын айтымында, Штаттар артында туруп колдобосо, Украина Россиянын аймагына карата операцияларды жасоого даамак эмес.
Патрушев муну менен катар эле азыркы киевдик режимди Батыш түптөгөндүгүн эске салган. НАТО мамлекеттери Украинаны курал, аскердик инструктор, чалгын маалыматтары менен камсыздап, армияны башкарып турарын айткан.
"Курск облусундагы операция НАТОчулар жана Батыштын атайын кызматынын катышуусунда пландалган", — деп кошумчалаган Патрушев.
Эске салсак, 2024-жылдын 6-августунда таңга маал украин аскерлери Курск облусунун аймагына чейин кирип келишкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жылышы токтотулганын президентке кабарлаган. 10-августта Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарында террорчулукка каршы операция режими киргизилген.
15-августта РФтин Коргоо министрлиги Курск багытында украин армиясы 2 640 аскери менен 37 танкасынан ажырагандыгын билдирген.
РФ президенти Владимир Путин Киев режими кезектеги ири чагымын баштап, ылгабай, анын ичинде жарандык объектилерди да бутага алып жаткандыгын айткан эле. Россиянын Тергөө кызматы теракт жана киши өлтүрүүчүлүк боюнча иш козгогон. Тергөөчүлөр жарандык объектилерди атып талкалоого буйрук берген жана аны аткарган украиналык аскерий адамдардын ким экенин аныктоо ишин баштаганы маалымдалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Украина Россиядагы чагымы үчүн кайсы шаарларынан кол жууй турганы айтылды