Радио

Усенбекова: технопарктарды түзүүдө илимге терең маани берилет

Экономика министринин орун басары Айнура Усенбекова Кыргызстандын аймагында технологиялык парктарды түзүү боюнча мыйзам чөйрөсү иштелип чыкканын айтты.
Sputnik
Мыйзам негизинен эки багытта иш алып барат. Биринчиси, илимий парктарды түзүү, экинчиси — индустриялык өндүрүш парктарынын иши. Бул тууралуу Айнура Усенбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдүн жана коңшулардын технопарктарды куруудагы тажырыйбасын карап, алардын модели Кыргызстанга ыңгайлаштырылды.
"Акыркы жылдары өндүрүшкө аябай көңүл бөлүнүп жатат. Ал үчүн алгач жагымдуу чөйрө, шарт түзүү керек. Буга биринчи кезекте жер маселеси чоң тоскоолдук жаратып келген. Ошондуктан чөйрөнү түзүүдө, өндүрүш долбоорлорун ишке ашыруу жеңилдетилип, жер бөлүп берүү жергиликтүү органдардын милдети катары бекиген. Муну менен катар өндүрүш долбоорлоруна өтө чоң көлөмдөгү инвестиция талап кылынат. Ошол себептен түздөн-түз финансылык каражаттарды берүү инструменттери да иштейт. Акыркы үч жыл бул жаатта абдан көп иштедик. Өлкө башчы тарабынан да бардык демилгелер колдоого алынды. Дүйнөлүк практикада дээрлик өзгөчөлөнгөн индустриялык өнөр жай парктарын ачуу керек. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү бир жактуу жана максаттуу колдонсок жакшы натыйжа болот. Кыргызстандын аймагында технологиялык парктарды түзүү боюнча мыйзам чөйрөсү иштелип чыкты. Өнүккөн өлкөлөрдүн жана коңшулардын тажырыйбасын карап көрдүк. Негизинен биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз: Россия, Өзбекстан, Кытай. Алар өнөр жай парктарын иштетүү жагын абдан ийгиликтүү колдонушууда. Ушундай мамлекеттер менен жалпы саясий, маданий, экономикалык жактан кызматташып жатабыз. Ушул мамилени чыңдоо, тереңдетүү максатында кооперациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу өтө жогорку деңгээлде белгиленип келет. Бул өлкөлөр менен бардык жактан бир келишимге келе алдык. Эми экономикалык жактан кызматташууну бекемдөө зарыл. Технопарктарды ишке ашыруу үч багытты камтыйт. Биринчиси — мамлекеттин колдоосу, экинчиси — инвестор алып келген ички-сырткы технологиялар, үчүнчүсү, мунун баары илимий база менен камтылышы керек. Жогорку окуу жайлардын алдында илимий технопарктар курулуп индустрияга маани берилет. Ал эми индустриялык өндүрүш багытында инновациялык технологияларга басым жасалат", — деди Усенбекова.
Ал башка мамлекеттер менен саясий, экономикалык, маданий кызматташуу жакшырып жатканын кошумчалады.