Министрлик канча айыл таза суу менен камсыздалып жатканын айтты

Дагы 260 айылга республикалык бюджеттин эсебинен суу киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Суу ресурстары кызматына караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик ишканасы 14 айылдагы 68 000 тургунду таза суу менен камсыз кылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Мекеме учурда суу чыгаруу иштери жүрүп жаткан айылдар тууралуу да маалымат берди. Ага Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 95 айылды камтыган долбоор дагы ишке ашырылууда. Анын ичинен бүгүнкү күндө 68 айылда иштер жүрүп жатат. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.
Ошондой эле Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб, Мырзаке жана Дөң-Булак айыл аймактарындагы жети айылды суу менен камсыздоо долбоору да аяктаар алдында турганын белгилешти.
"Азыркы тапта дагы 260 айылда долбоорлоо-сметалык жана курулуш иштери жүрүп жатат. Бул республикалык бюджеттен каржыланат", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Мөңгүлөрдү изилдөөдө Кыргызстан Борбор Азияда алдыда турат