БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Нөшөрдөн улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, жолдордо таш кулашы мүмкүндүгүн ӨКМ алдын ала эскертти.
Министрлик 17-19-августта кооптуулук жаралган жолдорду тизмеледи:
Бишкек — Ош жолунун 221-251,9, 285, 342-348, 358-362, 400, 41-426-чакырымдарында;
Ош—Сары-Таш— Эркеч-Там жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) жолунун 112-128-чакырымдарында;
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун 60-20- чакырымдарында;
Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жолунун 70, 91-220-чакырымдарында;
Талды-Суу — Арал жолунун 4-5 чакырымында;
Ош — Исфана жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
Мырзаке — Кара-Шоро жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
Кербен— Ала-Бука —Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында сел жүрүп жана таш кулашы мүмкүн.
Министрлик төмөнкү облустардын бир катар райондорун кошту:
Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Торо, Базар-Коргон райондорунда;
Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван, Ноокат, Алай, Чоң-Алай райондорунда;
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда;
Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунда;
Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда сел жүрүп жана таш кулашы ыктымал.
ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Өзгөчө кырдаал жаралса министрликтин жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылууну айтышты.