БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй облусуна курула турган парктын эскиздерин жарыялады.
Маалыматта эс алуу багы Жайыл районуна караштуу Ийри-Суу айыл аймагына салынары айтылган.
Парктын жалпы аянты 1,53 гектарды түзөт. Долбоор өз алдынча башкаруу органдарына сунушталды.