ЖОЖдордогу окууга төлөгөн акчанын өсүшү боюнча министр түшүндүрмө берди

Соңку үч жылда ЖОЖдордогу окутуу акысын көтөрүүгө мораторий бар болчу, ал жакында эле алып салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Жогорку окуу жайда билим алуу арзан болбошу керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Ал социалдык тармак аркылуу суроолорго жооп берип жатып, быйыл студенттер үчүн окуунун акысы кымбаттаган себебин түшүндүргөн.
"Соңку үч жыл контрактыны көтөрүүгө мораторий киргизилген. Бул учурда экономика көтөрүлүп, маяна жана пенсиялар өстү. Билим берүү төмөнкү деңгээлде болбошу керек. Учурда ЖОЖдогу окуу акысынын эң кымбаты 300-500 доллар. Ошол эле учурда айрым мектептерде 5-15 миңге окутушууда", — деди Кендирбаева.
Анын айтымында, төлөмдү көтөрүүгө киргизилген мораторийди алуу чечими университеттердеги мугалимдер мектептерден аз айлык ала баштаганынан улам кабыл алынды. Ошондой эле ЖОЖдордун материалдык-техникалык базасы өнүкпөй калган деген пикирин кошумчалаган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров окуу жайлардагы окутуу акысын көтөрүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгарган жарлыкка кол койгон.
Жогорку окуу жайларга гранттык орундар 10 миңге чейин көбөйтүлдү