Жарандык берүү жана андан чыгаруу боюнча өзгөртүүлөр сунушталды. Тизме

Мыйзам долбоору карама-каршылыктарды жоюу жана жарандык маселелерди кароону жөнгө салуу максатында иштелип чыкканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча күбө, шектүү, жабырлануучу же айыпталуучулар соттун чечими чыкканга чейин Кыргызстандын жарандыгынан чыга албайт. Өкмөт бул жааттагы "КР жарандыгы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, документ Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору карама-каршылыктарды жоюу жана жарандык маселелерин кароону жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоордун урунтуу учурлары:
ата-энеси же экөөнүн бири Кыргызстандын жараны болсо бала туулган жерине жана чет мамлекеттин жарандыгы бар болгондугуна карабастан кыргызстандык деп эсептелет;
төрөлгөнү боюнча чет өлкөнүн жарандыгын алган баланын ата-энеси Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз бербесе, ата-энесинин бири КРдин, ал эми экинчиси чет өлкөлүк же жарандыгы жок болсо бөбөк кыргызстандык болуп саналат;
этникалык кыргыздардын баласы өлкө аймагында төрөлсө кыргызстандык деп эсептелет;
Кыргыз ССРинде, Кыргыз Республикасында төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жараны болсо да кыргызстандык болуп саналат;
чет мамлекеттин жарандыгы бар мекендештер (КРдин мурдагы жарандары) жарандыгын калыбына келтирүүдө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу;
Жарандыгы жоктор (туулгандан бери документсиз жүргөндөр) да жашоо мөөнөтү жөнүндө шарттарды көрсөтпөстөн КР жарандыгын калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу.

Кайсы учурда жарандыктан чыга албайт?

эгерде КР жаранынын мамлекеттин алдында аткарылбаган милдеттенмелери же өлкө аймагында юридикалык же жеке жактардын кызыкчылыктары менен байланышкан мүлктүк милдеттенмелери болсо КР жарандыгынан чыгаруудан баш тартууга негиз болот;
эгерде КР жараны укук коргоо органдары тарабынан кылмыш-жаза иши боюнча айыпталуучу катары тартылса же ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген жана аткарууга тийиш болгон соттун айыптоочу өкүмү болсо КР жарандыгынан чыгаруудан баш тартууга негиз болот;
КРдин улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына каршы келген учурда жарандыктан чыгаруудан баш тартууга негиз болот;
эгерде чет өлкөлүк Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген иш жасаса же чет мамлекеттин учурдагы аскердик кызматында, укук коргоо органдарында же атайын кызмат органдарында кызматта турса жарандыгы жокко чыгарылат. Укук коргоо органдарынын өтүнүчү жана атайын комиссиянын бүтүмү менен кыргыз паспортунан айрылат.
Эмгек министрлиги: жыл башынан бери 97 адамга мекендеш макамы берилди