Түштүк Кореяда 1,3 млн. долларын алдатып жибергендерге элчилик көмөк көрсөтүүдө

Жабырлануучулар автоунаа, телефон жана башка товарларды өлкөгө ташуу менен алектенип, алдамчылыкка туш болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кореяда ири суммадагы каражатын алдатып жибергендерге элчилик көмөк көрсөтүп жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, зыяндын жалпы суммасы 1 миллион 252,3 миң долларды түзөт.
"Жабырлануучулар менен элчиликтин өкүлдөрү жолугушту. Маалымат боюнча кыргыз жарандары автоунаа, телефон жана башка товарларды өлкөгө ташуу менен алектенишет. Ал эми каражатты (USDТ стейблкоин валютасы) Tether криптовалюталык төлөм системасы аркылуу которуп иш жүргүзүп жүрүшкөн. Натыйжада аларды коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны алдап кеткени белгилүү болду. Жабыркагандар Кореянын укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Элчиликтин сунушунан кийин арыз жазылып, Корея полициясынын киберкылмыштуулукка каршы бөлүмү тарабынан каралууда", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде элчилик Кореянын ТИМине кайрылып ишти объективдүү жана ар тараптуу иликтөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Ошондой эле жабырлануучуларга өз компетенциясында көмөк көрсөтүп жатканы кошумчаланды.
Карыз сурап, шантаж кылат. Милиция телефон алдамчылыгынан сак болууну эскертти