Суусамырда фура менен бензин ташыган автоунаа сүзүшүп, эки адам көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Суусамырда фура менен бензин ташыган автоунаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, автокырсык 16-август таңга маал Ош — Бишкек унаа жолунун 184-чакырымында болгон.
"Жүк ташуучу автоунаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып каршысында келе жаткан кооптуу жүк ташуучу автоунаа (бензин ташыган техника) менен сүзүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан эки адам ошол жерден мүрт кетип, бирөө жаракат алган.
Ат-Башыда минивэн жүк ташыган унааны сүзүп, ичиндеги үч адам көз жумду